Аймактардагы жатак мектептерди оңдоп-түзөө үчүн 105,5 млн сом бөлүндү

Аймактардагы жатак мектептерди оңдоп-түзөө үчүн 105,5 млн сом бөлүндү

Аймактардагы бир катар жатак мектептерди жана атайын билим берүү уюмдарын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 105,5 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттардын эсебинен имараттардын чатырлары алмаштырылып, жылытуу системалары, суу түтүктөрү жана электр чубалгылары оңдолот, санитардык түйүндөр жана ички бөлмөлөр жаңыланат.

“Бул иштердин сапаты жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү тыкыр көзөмөлгө алынат. Ишти так, жоопкерчилик менен жүргүзүү – жалпы системанын ийгилигинин негизи”, – деди министр Догдуркүл Кендирбаева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>