Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттан өрт чыкты

Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттан өрт чыкты

Бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыкканы кабарланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт тууралуу маалымат саат 11:14тө түшкөн. Окуя болгон жерге дароо төмөнкү өрт-куткаруу күчтөрү тартылды:

  • Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты;
  • Биринчи Май райондук №4 жана №8 бөлүмдөрүнөн — 2 күжүрмөн эсеп;
  • Мындан тышкары, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан саат 11:35те 1 унаа, 2 офицер жана 1 дрон тартылган.

Өрттү өчүрүү иштери учурда да уланууда. Жеринде жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб иш алып барууда.

ӨКМ өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыян боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилерин маалымдады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>