Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу дипломатиясын күчөтүүнүн жана коңшу мамлекеттер менен бул жаатта кызматташууну өнүктүрүү керектигин билдирди. Ал бул сөзүн кечээ, 9-июлда өткөн Казакстандын суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада айтты.
Токаевдин айтымында, Казакстандын аймагында чөл жана жарым-чөлдөр көп, мындан улам суу ресурстары стратегиялык мааниге ээ.
«Биз коңшу өлкөлөр менен конструктивдүү диалог жана кызматташтык уланат деп үмүттөнөбүз. Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн Суу-энергетикалык консорциумун түзүү демилгесин ырааттуу түрдө илгерилетип келет. Өткөн жылы коңшу өлкөлөр менен тыгыз кызматташуунун аркасында биздин аграрийлер керектүү көлөмдөгү суу ресурстары менен толук камсыз болушкан. Мындай иш быйыл да улантылышы керек»,- деп билдирген ал өз сөзүндө.