Сауд өнүктүрүү фонду Тажикстанда жаңы мектептердин курулушуна 20 млн доллар каражат бөлдү. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражатка Тажикстандын аймактарында билим берүү тармагын колдоо максатында жалпысынан 7 миңден ашуун окуучуга эсептелген 11 орто мектеп курулат.
Анын алкагында Дангара шаарында жаңы мектептин пайдубалына биринчи ташты салуу аземи өткөн. Иш-чарага Сауд Аравиясынын Тажикстандагы элчиси Валид Аль-Решиадан катышкан.
«Бул долбоордун мурдагы төрт этабында Фонд тарабынан каржыланган 75 миллион долларга жалпы 57 мектеп курулган»,- деп айтылат маалыматта.