Өлкө башчы реконструкцияланган Ч. Айтматов проспектисин кыдырды

Өлкө башчы  реконструкцияланган Ч. Айтматов проспектисин кыдырды

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин Абсамат Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүн реконструкциялоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты. Мындай маалыматты Президенттик администрация таратты.

Жаңыланган тилкенин жалпы узундугу 3 чакырымды түзөт. Реконструкциянын алкагында жол алты тилкеге чейин кеңейтилип, ар бир тилкенин туурасы 4 метрге жетти. Бул борбор калаанын негизги магистралдарынын бири болгон Айтматов проспектисиндеги унаа кыймылынын өткөрүмдүүлүгүн кыйла жогорулатат.

Ошондой эле, жөө жана велосипед менен жүрүүчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Көчөнүн эки тарабында кең тротуарлар жана веложолдор курулуп, экологиялык таза транспорттун өнүгүшүнө жана шаардыктардын активдүү жашоо образын колдоого шарт түзүлдү.

Проспектти көрктөндүрүү иштеринин алкагында ондогон бак-дарактар жана декоративдик өсүмдүктөр отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы орнотулду. Жолдун жүрүүчү бөлүгү, тротуарлар жана веложолдор заманбап архитектуралык жарыктандыруу менен камсыздалды. Бул өзгөчө түнкү убакта шаар тургундары үчүн коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров шаардыктардын коопсуздугун, ыңгайлуулугун жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган заманбап инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>