Ош унаа базары бүгүндөн тарта иштей баштады

Ош унаа базары бүгүндөн тарта иштей баштады

Бүгүн, 11-июлдан тарта Ош шаарындагы унаа базар толук капиталдык оңдоп түзөөдөн кийин иштей баштады. Бул тууралуу шаардын мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-13-июлда кирип чыккан унаалар үчүн төлөм алынбайт.

Базардын унаа токтотуучу жайлары толук асфальтталып, үстү жабык кошумча тосмолор, коомдук тамактануучу жайлар, даараткана жана административдик имараттар курулган. Ошондой эле базардын айланасы атайын тосмо менен тосулуп, кире беришине автоматтык төлөм системасы орнотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>