“Мейкин Азия” IV эл аралык эстрадалык музыка фестивалы быйыл Ысык-Көлдүн жээгинде – Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фестиваль 25тен ашык өлкөдөн келген жаш таланттарды чогултат. Үч күн бою сахнада жандуу аткаруулар, улуттук жана заманбап элементтер айкалышкан музыкалык шоу тартууланат.
Иш-чарада төмөнкү кыргызстандык ырчылар сахнага чыгат:
Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Миңжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан, ERA ж.б.
Эл аралык коноктор:
- Димаш Кудайберген (Казакстан) – I фестивалдын жеңүүчүсү
- Ay-Yola музыкалык тобу
- Sevak (Армения)
Билеттер: Tiket.kg, Mtiket онлайн платформаларында сатыкка чыкты.