Министрлик дыйкандарга чөп азыктарын өстүрүүнү сунуштады

Министрлик дыйкандарга чөп азыктарын өстүрүүнү сунуштады

Айыл чарба министрлиги дыйкандарга укроп, жусай, петрушка, кинза, салат жалбырагы сыяктуу чөп азыктарын өстүрүүнү сунуштоодо.

Маалыматта айтылгандай, бул өсүмдүктөрдү чакан жерге өстүрүү салыштырмалуу аз инвестиция талап кылат, бирок туруктуу киреше алып келе алат. Алардын кыска бышуу мезгили, базардагы суроо-талаптын туруктуулугу жана сезондо бир нече түшүм алуу мүмкүнчүлүгү артыкчылык берет.

«10 сотых жерди эффективдүү пайдалануу менен жашылча чөп өсүмдүктөрүн өстүрүү чакан фермердик чарбалар үчүн кирешелүү жана жеткиликтүү бизнес болушу мүмкүн. Бирок ар бир багытта табигый шарттар, агротехника, суу менен камсыздоо, эмгек ресурстары жана логистика эске алынуусу керек»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик чөп өсүмдүктөрүн өстүрүүдө тамчылатып сугаруу системасын колдонууну сунуштады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>