Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө кызыкдар

Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары менен жолукту. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн статистикалык маалыматтарындагы айырмачылыктарды талкуулашкан. Ошондой эле өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга чейин жеткирүү маселеси тууралуу сүйлөшүшкөн.

«Бул максаттар 2025-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Нигматович Ариповдун Ташкентке расмий сапарынын алкагында макулдашылган «Жол картасында» көрсөтүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу соңунда тараптар экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон өз ара кызыкчылыгын дагы бир жолу тастыктаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>