Бишкек шаарындагы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, университетке 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу учурунда мыйзам талапатарын бузуу менен айрым студенттер сертификаты жок, ЖРТнын төмөнкү босого упайлары менен кабыл алынганы белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу) негизинде кылмыш иши козголгон.
«Мекемелер аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, Кыргыз-Орус Славян университетинде бюджеттик формада окуган 12 студент чыгарылды. Учурда университеттин жетекчилиги менен тыгыз кызматташтыкта аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар кызмат адамдары жана башка адамдар аныкталууда»,- деп билдирди атайын кызмат.