Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мөмө-жемиштерди сактай турган логистикалык кампа курулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кампа жеке ишкер тарабынан мамлекеттик каржылык колдоонун негизинде курулуп жатат. Курулушка жалпысынан 9 миллион сом каралган.
Кампанын сактоо сыйымдуулугу 400 тоннаны түзөт. Ал ишке берилгенден кийин алча, алма, кара өрүк сыяктуу жергиликтүү мөмө-жемиштер сакталат.
«Бул өз кезегинде жергиликтүү дыйкандар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, продукцияны узак убакыт сактоого жана сапатын жоготпой сатууга шарт түзөт»,- деп билдирди министрлик.
План боюнча кампа быйылкы мөмө-жемиш сезону башталганга чейин толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.