Кендирбаева 12 жылдык билим берүүдөгү негизги өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди

Кендирбаева 12 жылдык билим берүүдөгү негизги өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева STEM сабактарынын сааты узартыларын билдирди. Бул тууралуу ал 12 жылдык билим берүү боюнча ЖМКларга берген маегинде билдирди.

Министрдин айтымында, учурда Кыргызстан расмий түрдө 12 жылдык билим берүүгө өттү.

Бул реформанын алкагында өлкөдөгү билим берүү тармагында бир катар өзгөрүүлөр орун алды:

  • Жаңы муундагы окуу китептери иштелип чыгууда

2025-жылы жаңы окуу китептерин чыгарууга 744 млн сом бөлүнгөн. Китеп даярдоого 200дөн ашык адистер: мугалимдер, илимпоздор, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адистери катышууда. Ошондой эле бардык окуу китептери мамлекетке таандык болот.

Мындан тышкары азыркы тапта Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте кыргыз тили боюнча бала бакчадан баштап орто мектепке чейин окуу китептерин түзүү боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылууда.

  • Мугалимдерди колдоо жана кайра даярдоо боюнча иштер жүрүүдө

Мугалимдер жаңыланган окуу программалары менен иштей башташат. Бул багытта министрлик алар менен тыгыз иштешип, аларды окутуудан өткөрүүдө. Мындан тышкары мугалимдердин айлыгы окуучулардын жетишкендигине жараша өзгөрөт.

  • Билим берүү тармагын санариптештирүү иштери жүрүүдө

2025-жылы алгачкы ирет балдарды 1-класска электрондук каттоо «Түндүк» системасы аркылуу ишке ашты. Ошондой эле электрондук аттестаттар жана “Э-Күндөлүк” улуттук электрондук күндөлүк ишке кирди.

  • Мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү иштери болууда

Президент 2026-жылдын апрелинен жана октябрынан баштап мугалимдердин айлыгын 2 этап менен кескин жогорулатуу тапшырмасын берген. Муну менен катар талаптар да өсөт. Ошондуктан быйыл педагогикалык адистиктерге тапшырууга босого балл 130га көтөрүлдү.

  • Базистик окуу планына айрым өзгөртүүлөр киргизилди

STEM сабактары болгон биология, химия, физика жана информатика сабактарына кошумча бир саат кошулат. Башкача айтканда, учурда окуу жүктөмөсүндө эң көп саат кыргыз тилине тиешелүү, андыктан кыргыз тилинен бир саат алынып, так илимдердин пайдасына бөлүштүрүлөт. Ошондой эле министрлик кыргыз тилин бардык сабактар аркылуу өнүктүрүүгө басым жасайт.

  • Профилдик окуу жана кесипке багыт берүү

10–12-класстарда профильдик окуу системасы киргизилет. Окуучулар өз кызыкчылыктарына жараша багыттарды тандап, келечектеги кесибине жараша сабактарды терең үйрөнө алышат.

  • Жаратылыш таануу илимдери дүйнөлүк стандарттарга ылайык окутулат

Быйылкы жылдан тарта башталгыч класстарда жаңы “илим” сабагы киргизилди. Ал мурдагы “жаратылыш таануу” курсунун ордуна келди.

Ошондой эле билим берүү системасына санариптик технологиялар менен жасалма интеллект да киргизилүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>