Чолпон-Атада ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Өзбекстандын валюта саясаты боюнча Консультациялык кеңешинин жыйыны өттү

Чолпон-Атада ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Өзбекстандын валюта саясаты боюнча Консультациялык кеңешинин жыйыны өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин 28-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Отурумга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин каржы мекемелеринин жетекчиликтери, Өзбекстандын Борбордук банкынын жана Казакстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин жетекчиликтери катышты.

Жыйында катышуучулар учурдагы макроэкономикалык жагдайды, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатын талкуулашты. Өзгөчө көңүл банк системасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган методологияны иштеп чыгуу жана аны колдонуу практикасына бурулду.

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев өз сөзүндө региондо бир өлкөдө орун алган инфляциялык процесстер менен экономиканын өсүш арымы башка өлкөлөрдүн экономикасынын келечегине түздөн-түз таасирин тийгизип жаткандыгына токтолуп, региондогу өлкөлөрдүн экономикаларынын өз ара байланышын баса белгиледи.

«Бул ЕАЭБ алкагында макроэкономикалык саясатка тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча катары Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңештин аткарган негизги ролун  айкындап турат», – деп белгиледи Мелис Тургунбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>