Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жараянынын алкагында көчүрүлгөн тургундар үчүн курулуп жаткан Жаңы Достук айылынын курулушу 60 пайызга аяктады. Аталган конуш Баткен районунда жайгашып, учурда 181 турак үйдүн курулуш иштери жүрүүдө. Долбоорду толук бүткөрүү октябрь айына пландалган.
Эске салсак, чек араны тактоо боюнча макулдашуунун негизинде Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактары Тажикстан менен алмашылган. Натыйжада, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу эски Достук айылынын тургундарын көчүрүү зарылдыгы жаралган.
Жаңы Достук айылындагы турак жай комплекси ушул максатта курулуп жатат. Мындан сырткары, бул жаңы конушка Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарындагы кээ бир участкалардын жашоочулары да жайгашат.
Учурда жалпы Баткен жана Лейлек райондорунда 257 үйдүн курулушу жүрүп жатат.