Жай мезгили келип, аба ырайынын ысышы менен Ысык-Көлгө сергип эс алуунун каалагандардын саны өстү. Жергиликтүү элден сырткары, Кыргызстандын бермети болгон кереметтүү көлгө сырт жактан да туристтер көп келүүдө. “Reporter.kg” басылмасы быйылкы жайкы туристтик сезонго карата Ысык-көлдөгү баалар, конок үйлөрдөгү прайска көз жүгүртүп көрүүнү чечти.
Быйыл мурунку жылдарга салыштырмалуу быйыл баалар бир аз кымбаттаганы айтылууда. Айрыкча орточо класстагы пансионаттар менен жеке сектордогу жатактардын баалары өткөн жылга салыштырмалуу 20–30% жогорулаган. Буга чейин түнүнө 10 доллардан башталган бөлмөлөр учурда 50 долларга чейин жетүүдө. Ал эми, VIP-класстагы пансионаттарда бир түн түнөө 90 доллардан жогору.
Туристтик агенттиктер сунуштаган 5–8 күндүк турлар да 2024-жылга караганда орточо 15–20% кымбат болуп жатканы белгилүү болду.
Баалардын өсүшүнүн себебине кызыкканыбызда туристтик агенттиктин өкүлдөрү муну инфляция, инфраструктуралык чыгымдардын жогорулашы жана туристтердин санынын артуусу менен байланыштырышты.
Бирок, баалардын кымбаттаганына карабай, Ысык-Көлгө агылган эс алуучулардын саны азайган жок. Туристтер жана жергиликтүү эс алуучулар үчүн эң маанилүү нерсе кереметтүү көл, таза аба, кооз жаратылыш жана коопсуз эс алуу эмеспи.
Андыктан баанын кымбаттыгы эч кимди токтотчудай эмес. Болгону эс алууну пландап жаткандар мурдагыга караганда быйыл бюджетин бир аз көбөйтүшү зарыл. Ысык-көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы айрым конок үйлөрүнө байланышып, бааларына кызыгып көрдүк. Ага ылайык, быйыл карапайым калк үчүн конок үйлөрү орундарды 1200 сомдон өйдө берип жатышат.

Жеке сектор жана эконом-класстагы конок үйлөр
→ 2024-жылы: 700–800 сом/түн
→ 2025-жылы: 1 000–1 200 сом/түн
Орто деңгээлдеги пансионаттар (тамак-ашсыз):
→ 2024-жылы: 1 200–1 500 сом/түн
→ 2025-жылы: 1 600–2 100 сом/түн

• VIP пансионаттар (люкс шарттары менен):
→ 2024-жылы: 4 000–6 000 сом/түн
→ 2025-жылы: 5 500–9 000 сом/түн
• Турпакеттер (5–8 күндүк):
— 2024-жылы: 10 000–13 000 сом
— 2025-жылы: 15 000–18 000 сом
Редакциянын сурамжылоосуна ылайык, төмөнкүдөй бүтүм чыгарса болот. Бул кымбаттоолор инфляция, күйүүчү май жана азык-түлүктүн баасынын өсүшү, ошондой эле туризмге болгон суроо-талаптын жогорулашы менен байланыштуу болуп жаткандай. Айрыкча жайдын ысык болушу жана Ысык-Көлгө болгон ички туристтик агымдын өсүшү шарттарды кымбаттатты.
Жалпы чыгымдар (1 жума, 1 адамга):
• Орточо эс алуу, трансфер (жата турчу жай, тамак-аш): 20 000 – 30 000 сом
• Люкс эс алуу: 45 000 – 70 000 сом
Ысык-Көлдө эс алууну каалагандар аны пландап жатып, алдын ала бюджет түзүп, турак жайды эртерээк брондоп коюу сунушталат. Ошентсе да, Ысык-Көл жаратылышы, коопсуздугу жана тейлөөсү менен ички туризмде лидер бойдон калууда. Суунун тазалыгы боюнча Ысык-Көл дүйнөдө Байкалдан кийинки сапта турат. Туздуулугу жана климатынан улам жылдын суук мезгилинде да тоңбойт. Бул жакка өзгөчө флора, фауна жана суунун химиялык касиеттерин изилдөө үчүн да адистер көп келет. Бир гана көлгө түшүүдөн сырткары капчыгайлар, каньондор, жаратылыш парктары, мөңгүлөр, Рух-Ордо маданий эс алуу борбору орун алган. Ар бир каалоочуу чөнтөгүнө жараша жайкы эс алуусун пландай берсе болот.