Бишкек шаарынын мурунку вице-мэри Жамалбек Ырсалиевге карата «эч жакка кетпөө тууралуу тил кат» колдонулуп, убактылуу кармоочу жайдан бошотулду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Ырсалиевдин мыйзамсыз иш-аракеттеринен мамлекетке 3 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Бул сумма жерди ижарага берүү мүмкүнчүлүгүн жоготкон үчүн эсептелген чыгым.
Ырсалиев күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды толук төлөп бергени үчүн камактан чыгарылды.
Эскерте кетсек, ал Туңгуч кичирайонундагы №36 үйдүн жанында жайгашкан мыйзамсыз иштеген объекттерге колдоо көрсөткөнү үчүн камакка алынган. Белгиленгендей, 4 коммерциялык жай жана 5ке жакын балдар аттракциону 6 жылдан бери тиешелүү уруксатсыз иштеп келген. Бул объекттер жергиликтүү бюджетке ижара акысы да төлөнбөй, мамлекетке 2,9 миллион сом зыян келтирилген.