Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет өлкөлөргө «жумушка оңой орноштурабыз» деген алдамчы жарнамалар бар экенин эскертип, жарандарды чет өлкөдө коопсуз ишке орношуу эрежелери тууралуу маалымдады.
Маалыматка ылайык, акыркы учурда Европада, Канадада, АКШ жана Улуу Британияда “ишке оңой орноштурабыз” деп убадалаган алдамчылардын саны көбөйүүдө. Алар шоколад фабрикаларында, заводдордо, белгилүү бренддердин кампаларында “жогорку айлык акы” жана “жаш курагын чектөөсүз” жумуштарды убада кылып алдашууда.
«Азыр алдамчылар Жасалма интеллекти (ИИ) колдонуп “расмий” сүрөт жана документтерди жасоо менен лицензияларды жасалмалоодо. «Тезирээк орун албасаң, орун калбайт” деген жарыялар менен эмоциялык басым жасайт. Интернеттен табылган жасалма паспортторду колдонушат. +44 (Англия), +1 (АКШ, Канада) сыяктуу номерлерди колдонуп “расмий” көрүнүүгө аракеттенишет»,- деп айтылат маалыматта.
Чет өлкөлөрдөгү жумуш жөнүндө жарандар төмөнкүлөрдү билиши керек:
- Канадага жана АКШга Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору же агенттиктер жумушка жибере албайт.
- Чет өлкөдө иштөөгө жаш курак чектөөлөрү бар, анткени жумуш физикалык күчтү талап кылат.
- “Тез брондоо” үчүн акча талап кылуу — алдамчылардын биринчи амалдарынын бири.
Польшада, Германияда, Венгрияда, Хорватияда жана башка Европа өлкөлөрүндө иштөө үчүн жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна ээ болгон гана жеке агенттиктерге кайрылыңыз. Лицензиясы бар агенттиктердин тизмесин migrant.kg сайтынан кароого болот.
Жарандар өзүн кантип коргой алат?
- Telegram жана Instagram’дагы “оңой жумуш” деген жарыяларга ишенбеңиз, бул соцтармактар аркылуу жасалган акча төлөнгөн жарнама.
- Мессенджерлердеги “менеджерлерге” акча которбоңуз.
- WhatsApp’тагы “лицензияларга” ишенбеңиз, аларды нейросет аркылуу оңой эле жасалмалоого болот.
- Бардык маалыматтарды расмий булактардан гана текшериңиз.