Microsoftтун серверлери хакерлердин чабуулуна кабылды

Microsoftтун серверлери хакерлердин чабуулуна кабылды

Microsoft компаниясынын SharePoint серверлерине хакерлер чабуул жасап, колдонуучулардын жеке маалыматтарына коркунуч жаралды. Бул тууралуу DW басылмасы жазып чыкты.

Америкалык Microsoft Corp. корпорациясы 19-июлда хакерлер анын сервердик программалык камсыздоосуна «активдүү чабуул жасап жатышканын» жарыялап, колдонуучуларды шашылыш түрдө коопсуздук жаңыртуусун орнотууга чакырды.

Чабуулдар мамлекеттик мекемелер жана ишканалар документтерди башкаруу жана биргелешип иштөө үчүн колдонгон SharePoint веб-платформасынын локалдык серверлерине жасалган. Ал эми Microsoft 365 курамындагы бул платформанын булут версиясы болгон SharePoint Online чабуулга кабылган эмес.

«АКШнын Федералдык тергөө бюросу (ФБР) бул чабуулдар тууралуу кабардар болуп, учурда федералдык жана жеке өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууда. Эксперттер бул чабуулду «нөл күн» чабуулу деп атады, анткени ал платформанын мурда белгисиз болгон алсыз жактарына жасалган»,- деп айтылат маалыматта.

Тэги: Microsoft Хакер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>