УКМК төрагасы, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Сузак районунун Боз-Чычкан айылында жаңы салынган үйдүн ачкычын жергиликтүү тургун Абдували Анапияевге тапшырды.

Анапияев көп жылдан бери батирде жашап келген жана муктаждыктан улам классташы Камчыбек Ташиевден жардам сураган. 33 күн ичинде заманбап шарттарга жооп берген жаңы үй салынып бүтүп, үй-бүлөгө өткөрүлүп берилди.
Үй тапшырган иш-чара учурунда айыл жашоочулары балдар бакчасынын жоктугун айтып өтүштү. Бул маселени Ташиев жеке көзөмөлүнө алып, бала бакча курулушун баштоону тийиштүү органдарга тапшырды.