Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Бишкекте Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоодон кийин ачылды
24.07.2025 | 10:30

Бишкек шаарында Лев Толстой көчөсүнүн Элебаев көчөсүнөн И. Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган тилкеде бордюрлар, ирригациялык система, жол белгилери жана светофорлор алмаштырылган. Көчөнүн айрым бөлүктөрү кеңейтилген. Тыгындарды азайтуу максатында айрым кесилиштердин алдында оңго бурулуш үчүн өзүнчө тилкелер каралган. Унаа токтотуучу жайлар ачык бойдон калган.
“Учурда Панфилов көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки бөлүктө оңдоо иштери уланууда. Үстүбүздөгү жылдын ичинде Лев Толстой көчөсүн Т.Фрунзе көчөсүнө чейин толук оңдоо пландалууда”,-деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом