Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды
Кыргызстанда жай мезгилинде электр керектөөнүн жаңы рекорду катталды
24.07.2025 | 16:03
22-июль күнү Кыргызстанда жайкысын электр энергиясын керектөөнүн рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу Улуттук электр тармактары ишканасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, суткалык керектөө 44,1 миллион кВт/саатты түзүп, буга чейинки бардык жайкы көрсөткүчтөрдөн ашып түштү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылдын ушул күнү 36 миллион кВт/саат колдонулган, ал эми өткөн жылы абсолюттук рекорд август айында катталып, 40 миллион кВт/саат болгон.
Электр керектөөнүн мындай өсүшүнө төмөнкү себептер көрсөтүлүүдө:
– кондиционер, желдеткичтердин жайкысын кеңири колдонулушу;
– калктын жана керектөөчүлөрдүн санынын туруктуу өсүшү;
– жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн салынып, эксплуатацияга берилиши.
Рубрики: Жаңылыктар