Эттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилет

31.07.2025 | 11:53

Айыл чарба министрлиги эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдөө киргизилерин билдирди. Мындай чечим министр Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик көзөмөл эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малдын чек арадан кирип-чыгышын контролдоо, малды экспортоого сандык чектөө киргизүү максатында киргизилүүдө.

Жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына өлкө аймагында эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жана анализ жүргүзүп туруу милдети жүктөлгөн. Ал эми Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына мал ташуучу жеке ишкерлердин ветеринардык-санитардык көзөмөлүн күчөтүү, Чек ара кызматы менен биргелекте аткезчилик менен күрөшүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилген.

Scroll to Top