Кыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келди
АКШдан 25 кыргызстандык жаран депортацияланды
11.08.2025 | 09:33

9-августта АКШдан Бишкекке Кыргызстандын 25 жараны депортацияланды. Тышкы иштер министрлиги алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу өлкөгө кайтарылганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, депортация тартибине ылайык, мындай жарандарга АКШга кирүүгө 5тен 15 жылга чейин же өмүр бою тыюу салынышы мүмкүн. Өлкөгө мыйзамсыз түрдө кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал.
Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: АКШ, депортация