Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
Бишкектин бир бөлүгүндө 14-августта суу өчүрүлөт
12.08.2025 | 16:48

14-августта Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө саат 10:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Өчүрүү аймагы Усенбаев -Күрөңкеев – БЧК – Элебесов – Аул – Керамическая – Хвойная көчөлөрү менен чектешет. Суу оңдоолорго байланыштуу токтотулат.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандарды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну эскертти.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом