«Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форумуна башталгыч кесиптик билим берүү кызматкерлери катышууда

Ысык-Көлдө 4–13-август күндөрү “Санат” ден соолукту чыңдоо борборунда Агартуу министрлиги тарабынан өткөрүлүп жаткан “Жаңылыктын жарчысы” педагогикалык форумунун акыркы күндөрүнө башталгыч кесиптик билим берүү кызматкерлери да катышууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, форумга өлкө боюнча башталгыч кесиптик билим берүүчү лицейлерден 181 кызматкер, анын ичинде методисттер жана директордун орун басарлары тартылды.
Катышуучуларга жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты, базистик окуу планы, жаңыланган окуу программалары, «Баалоо» улуттук программасынын жыйынтыктары жана сунуштар боюнча окутуулар уюштурулду. Ошондой эле, агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева санариптештирилген ресурстар тууралуу кенен маалымат берди.
Форумдун алкагында пленардык жана тематикалык сессияларда:
- билим берүүнүн мазмунун жаңылоо;
- мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү;
- санариптик технологияларды колдонуу;
- жасалма интеллектти билим берүүдө натыйжалуу пайдалануу;
- насаатчылык тажрыйбаларды өнүктүрүү маселелери талкууланууда.