Араванда соода борборунун ээси «Кадастр» кызматкерине пара берип жатканда кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 8-августта Араван районунун тургуну К.И.Р. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине 150 миң сом пара берип жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Тергөө материалдарына ылайык, К.И.Р. Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Тепе-Коргон айылында жайгашкан, аянты 2000 чарчы метрди түзгөн соода борборунун имаратын суу коргоо зонасында мыйзамсыз тургузган.
Ал имаратты мыйзамдаштыруу максатында тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат алуу үчүн пара сунуштаганы айтылууда. Ошондой эле, К.И.Р. жогорку мамлекеттик кызматкерлердин атын жамынып, «соода борборунун ачылышына президент катышат» деген жалган маалыматтарды колдонгон.
Алдын ала алынган маалыматка ылайык, имаратты пайдаланууга уруксат берүүдө Араван райондук архитектура башкармалыгы жана Ош облусунун архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузганы аныкталган.
К.И.Р. 9-августта УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда, анын алкагында уруксат кагаздарынын негиздүүлүгү боюнча экспертизалар дайындалып, тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралууда.