Кыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келди
Садыр Жапаров Михаил Мишустинди кабыл алды
14.08.2025 | 22:11

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУ менен кызматташтыкты тереңдетүү азыркы шартта өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Ал Ысык-Көлдө өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин ишинин маанисин да баса айтты.
Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Жапаровдун жакында Москвага болгон сапары эки тараптуу мамилелерге жаңы дем бергенин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 1700 россиялык компания иштеп жатат жана өлкөнүн 80 аймагы менен түз байланыштар бар. Жакынкы арада Кыргызстанда XII аймактар аралык форум өтөт.
Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкка, анын ичинде 9 жаңы мектеп куруу долбооруна көңүл бурушту. ЕАЭБ алкагындагы кызматташтык эки өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар