Кыргызстан менен Түштүк Корея эмгек миграциясы жаатында кызматташууну кеңейтүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Түштүк Кореянын өкмөттүк түзүмдөрүндөгү комитеттердин төрагасы Джон Енгиль менен жолугуп, эмгек миграциясы боюнча маселелерди талкуулады. Бул тууралуу Миграция министрлиги билдирди.
Жолугушууда тараптар эмгек рыногундагы кызматташтык, иш менен камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Кыргызстандын жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу маселелерин талкуулашкан.
Өзгөчө көңүл эмгек мигранттарынын квалификациясын жогорулатууга, эмгек шарттарын жакшыртууга жана чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын укуктарын сактоого бурулган.
Министр Равшанбек Сабиров Кореянын тажрыйбасы жана программалары Кыргызстандын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо аларын айткан.
Өз кезегинде Джон Енгиль эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө, ошондой эле иш менен камсыздоону жана адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирген.