Дүйнөлүк банк: Кыргызстан жогорку кирешелүү өлкөлөрдүн катарына кириши үчүн 70 жыл керек

Кыргызстан жылдык кирешеси киши башына 14 миң долларды түзгөн жогорку кирешелүү өлкөлөрдүн катарына кириши үчүн 70 жыл талап кылынышы божомолдонууда. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги Дүйнөлүк банктын аналитикалык отчетуна шилтеме берип, жазды.
Маалыматка ылайык, ушундай эле мөөнөт Беларус жана Украина үчүн да күтүлүүдө. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жогорку кирешелүү өлкөлөрдүн катарына биринчи болуп Түркмөнстан жана Казакстан кирет деп божомолдонот. Аталган өлкөлөргө бул деңгээлге жетүү үчүн 30 жылдан аз убакыт талап кылынат. Тажикстан жана Өзбекстанга мындай деңгээлге жетүү үчүн 100 жылдан ашык убакыт керек болот.
“Бул божомол акыркы 10 жылдагы өлкөлөрдүн экономикалык өсүү көрсөткүчтөрүнө, анын ичинде COVID-19 пандемиясы алып келген рецессия мезгилине негизделип түзүлгөн”,- деп айтылат маалыматта.