Кыргызстанда дарыгерлерге “чай-пулду” ыктыярдуу берүү сунушталды

Юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, бул демилге жакшы жасалган операция үчүн дарыгерге ыктыярдуу кошумча төлөм төлөөнү көздөйт.
«Бул нерсе азыр деле бар. Бирок, биз аны касса аркылуу, санариптик жана ачык-айкын формада ишке ашырууну каалайбыз. Башкача айтканда, жакшы жасалган операция үчүн ыктыярдуу кошумча төлөм ачык-айкын болушу керек. Эмне үчүн тамактануучу жайларда тейлөөчүгө “чай пул” берүү жакшы салт, ал эми дарыгерге берүү жаман салт болуп эсептелет? Биз ыктыярдуу кошумча төлөмдүн көмүскөдөн чыгышын каалайбыз», — деди Баетов.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү бул демилге паракорлукту күчөтпөйт беле жана мугалимдер же башка мамлекеттик кызматкерлер да кошумча төлөм сурап башташпайбы деген суроолорду көтөрүштү. Аталган сунуш комиссиянын мүчөлөрүндө ар кандай пикирлерди жаратты.