Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты
Улуттук хирургия борбору клиникалык ординатурага студенттерди кабыл алат
20.08.2025 | 18:19

Улуттук хирургиялык борбор 2025-жылдын 1-сентябрына чейин медициналык жана педиатрия факультеттерин бүтүргөн студенттерди хирургия боюнча клиникалык ординатурага кабыл алууну улантууда.
Мекеменин маалыматына ылайык, окуу 2 жылга созулат, аяктагандан кийин эл аралык стандарттарга жооп берген «Жалпы хирург» сертификаты берилет. Борбордо күнү-түнү бейтаптарды кабыл алуу, керектүү практикалык жана окуу материалдары, илимдин докторлору жана кандидаттары, доценттер, профессорлор менен окутуу каралган.
Суроолор үчүн: 0502 04 04 67; 0555 04 04 67 (WhatsApp) – Акназаров Керим Камчыбекович.
Рубрики: Жаңылыктар