Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
ӨКМдин тик учагы менен тоодо калган альпинисттер куткарылды
21.08.2025 | 09:53

Ала-Арча капчыгайынын «Байчечекей» чокусунда калган 2 орусиялык альпинист Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-августта аталган альпинисттер Чүй облусунун Ала-Арча капчыгайында жайгашкан «Байчечекей» чокусуна Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайра кайтып келатканда караңгыда жол таппай, тоодо түнөп калышкан.
Аталган чоку деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан, куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, альпинисттер Бишкек шаарына алынып келинген. Аларга ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын дарыгерлери алгачкы жардам көрсөтүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: ӨКМ