Байсалов: Дарыгерлерге “чай-пул” берүүнү мыйзамдаштыруу Өкмөттүн позициясы эмес

21.08.2025 | 11:52

Медиктерге «ыктыярдуу кошумча төлөмдү» мыйзамдаштыруу демилгеси Өкмөттүн расмий позициясы эмес. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик саясат алдыдагы 3–4 жылда дарыгерлерге татыктуу айлык төлөөгө багытталган. «Чай-пул» менен баалоо ар бир медик үчүн басынтуу экенин кошумчалады.

Байсалов мамлекеттик медицинаны жогорку деңгээлде калыбына келтирүү милдети коюлганын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Юстиция министри Аяз Баетов жакшы жасалган операция үчүн дарыгерге ыктыярдуу кошумча төлөм киргизүүнү сунуштаган.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top