Ошто “Шрам” каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

УКМКнын маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагында Кытайдан келген инвестордун арызы боюнча жүргүзүлгөн иш-чарада Ош шаарындагы “Мухаммед Умар” спорт клубунан чыккан уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, “Шрам” каймана аты менен белгилүү болгон А.у.А. кармалды.
Анын үстүнөн чогулган далилдерге ылайык, ал ишенимге кирүү жолу менен кытайлык ишкердин Lexus GX 460 үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жиберген. Ишкер унааны кайтарып берүүнү талап кылганда, шектүү өзүн кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырып, күч колдонуу менен коркуткан. Ошондой эле белгилүү кылмыштуу лидерлер менен (“Дженго” — Камчыбек Досонов, “Казак” — Камчыбек Көлбаев, Улан Маратов) чогуу түшкөн сүрөттөрүн далил катары көрсөткөн.
Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын Ош облусу боюнча тергөө абагына камакка алынды. Анын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу да текшерилүүдө.