Кыргызстан менен Түркия соода жаатында кызматташууну бекемдөөдө

28.08.2025 | 14:38

Түркиянын Анкара шаарында кыргыз-түрк соода боюнча жумушчу тобунун экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын Кыргызстандын экономика министринин орун басары Султан Ахматовдун төрагалыгы алдында өтүп, ага Түркиянын соода министринин орун басары Мустафа Тузджу катышкан.

Жыйында эки өлкөнүн соода, бажы жана инвестиция тармактарындагы кызматташуусунун учурдагы абалын баалоо жана келечектеги багыттарды аныктоо, потенциалдуу товарлардын тизмесин, тарифтик эмес тоскоолдуктарды аныктоо, жашыл экономика жаатында кызматташуу сыяктуу жалпы сегиз маселе каралган.

Султан Ахматов соода, инвестиция жана биргелешкен долбоорлор боюнча кыргыз-түрк кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жумушчу топ эки тараптуу демилгелерди ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча болооруна ишенимин билдирген.

Scroll to Top