Айыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлду
Дмитрий Бивол Токмоктогу өзү окуган мектебин оңдоп берди
01.09.2025 | 14:30

Кыргызстандын Токмок шаарында төрөлгөн белгилүү мушкер Дмитрий Бивол өзүнүн билим алган мектебин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берди. Бул тууралуу мектеп директору Роза Тукубашева билдирди.
Анын айтымында, мектептин сырты, кире бериши жана жыйындар залы ремонттолуп, ар бир мугалим ыңгайлуу отургуч жана компьютер менен камсыздалды. Ошондой эле класстарга мультимедиалык экрандар жана видео камералар орнотулган.
“Учурда мугалимдердин кабинети оңдолууда. Спорт зал толугу менен капиталдык ремонттон өтүп, анда кыздар менен балдар үчүн өзүнчө жуунучу жана чечинүүчү жайлар жасалууда”,-деди ал.
Жалпы ремонт иштерине 35 миллион сомго жакын каражат жумшалган.
Рубрики: Жаңылыктар