Депутат чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтүн узартуу маселеси караларын билдирди

18.09.2025 | 17:02

Көпчүлүк жарандар чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштырууга жетишпей жатканын жана мөөнөттү узартууну суранууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев менен мындай унааларды мыйзамдаштыруу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жолугушуусунда айтылды.

Маалыматка ылайык, ушул тапта жалпысынан 13 миңден ашуун чет элдик номерлүү автоунаа мыйзамдаштырылган. 

ИИМдин өкүлү Нурдин Самбаев 168-токтом боюнча 1-октябрдан тарта мыйзамдаштырылбаган автоунаалар өлкөдөн чыгарылышы же тетиктерге бөлүп сатылып, утилдештирүү керек. 

Мындан улам көпчүлүк жарандар мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартып берүүнү, ошондой эле Орусиядан арзан баада алынган унааларды каттоо төлөмүн азайтып берүүнү өтүнүүдө.  

Депутат Марлен Маматалиев кайрылган жарандардын маселесин чечүү, тагыраагы, легалдаштыруу мөөнөтүн жылдыруу боюнча тийишүү жетекчилер менен чогуу иш алып бара турганын айтты.

Scroll to Top