Ошто «Сулайман тоо: төрт мезгил» аттуу эл аралык фотодолбоор ишке ашууда

ЮНЕСКОнун мурастар тизмесиндеги Сулайман-Тоонун маданий жана табигый өзгөчөлүгүн дүйнөгө таанытуу максатында «Сулайман тоо: төрт мезгил» аттуу эл аралык фотодолбоору ишке ашууда. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор ТҮРКСОЙ уюму Кыргызстандын маданият жана билим берүү мекемелери менен биргеликте ишке ашууда. Анда Сулайман-Тоо төрт мезгил ичинде сүрөткө түшүрүлүп, жыйынтыгында көргөзмө уюштурулат. Сүрөт көргөзмө алгач 4-октябрда Ош шаарында ачылат. Андан соң башка түрк мамлекеттеринде да көрсөтүлөт. Ошондой эле фотопленэрлер, тегерек үстөл, мастер-класстар өткөрүлөт.
Долбоор түрк элдеринин маданий кызматташтыгын чыңдоого жана Кыргызстандын туристтик потенциалын жайылтууга өбөлгө түзөт. Иш-чара ошондой эле ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрүн бириктирип, тажрыйба алмашууга, ошондой эле жаш авторлорду колдоого багытталган.