Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу тууралуу мугалими жана классташтары айтып беришти
02.10.2025 | 18:29
17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын ырайымсыз өлтүрүлүшү бардык кыргызстандыктарды нес кылды. Мурда бир нече жолу соттолгон адам аны зордуктап, андан соң таш боордук менен өлтүрүп, сөөгүн көмгөн. Бирок кийин ал сөөктү казып алып, Боом капчыгайына ыргытып салган.
Reporter.kg’нин кабарчысы Айсулуу Мукашеванын класс жетекчиси жана классташтары менен маек курду. Алар Айсулуу тууралуу жакшы мүнөздөмөлөрдү айтышты. Акыркы жолу аны жума күнү, 26-сентябрда, мектепте акыркы сабак бүткөндөн кийин көрүшкөн.