Таласта алгачкы 9 кабаттуу үйдүн курулушу баштады
Талас шаарынын тарыхында маанилүү окуя болду — шаарда алгачкы жолу 9 кабаттуу “Хан Теңири” турак жай комплекси курула баштады.
Салтанаттуу иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Бул турак жай Мамлекеттик ипотекалык компаниянын долбоору катары ишке ашырылууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Каныбек Туманбаев мындай деди:
“Биздин урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров ар бир үйү жок кыргыз жараны 2030-жылга чейин өз турак жайына ээ болот деген максат койгон. Азыркы тапта мамлекеттик ипотекалык программа алкагында республика боюнча 70 миңден ашуун батир курулуп жатат. Бул — эгемендүүлүк алгандан берки тарыхыбызда болуп көрбөгөн чоң жетишкендик.”
Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Жумаев жана жергиликтүү тургундар бул курулуш Таластын өнүгүүсүнө чоң түрткү болорун белгилешти.
“Таласта буга чейин 9 кабаттуу турак жай курулган эмес. Бул — шаар үчүн тарыхый окуя. Батирлер турак жайга муктаж жарандарга кезек тартибине ылайык берилет, курулуштун сапаты тыкыр көзөмөлдөнөт,” — деди Каныбек Туманбаев.