Балдарга арналган «Манас, Семетей, Сейтек» китеби жарык көрдү

09.10.2025 | 10:30

Балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин жаш жеткинчектерге арналган «Манас, Семетей, Сейтек» китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Китептин автору бул китепте «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтигинин өзөктүк окуялары камтылып, кенже балдардын курагына ылайыктап, сүрөттөр менен берилгенин билдирди.

“Кыргыздын улуттук ыйыгы болгон “Манас” үчилтигин кенже курактан баштап балдарыбызга окутуп-үйрөтүүнүн мааниси чоң. Дээрлик ар бир тема түстүү сүрөттөр менен коштолуп Ордо басма үйүнөн чыкты. Мукабанын бетиндеги сүрөттө бала Манастын 15 жашында кан көтөрүлгөн учурун берүү аракети жасалды. Сүрөттөрү да балдарга жакын, элестүү тартылды”,- деп билдирди Сулайман Рысбаев.

8-октябрда Сулайман Рысбаев агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен жолугуп, ага китептин алгачкы нускасын белек кылган. Жолугушууда бул китепти мектептерде жана бала бакчаларда пайдалануу мүмкүнчүлүгү талкууланган.

Scroll to Top