Кыргызстанда үй интернетинин баасы канчалык — популярдуу операторлор боюнча баяндама

09.10.2025 | 16:48

Кыргызстанда үй (стационардык) интернети боюнча кызмат көрсөткөн бир нече ири провайдер иштейт. Ылдамдык, баа жана кошумча кызматтар боюнча алардын тарифтери менен шарттары бири-биринен айырмаланат.

Reporter.kg алардын ичинен 5 провайдерге жана алардын учурдагы тарифтерине боюнча баяндама жасады.

Кыргызстандыктар көп колдонгон негизги интернет-провайдерлер:

  • «Кыргызтелеком» — мамлекеттик оператор, ал үй интернети кызматын да көрсөтөт;
  • «ElCat» — стационардык интернет жана телеберүү кызматтарын көрсөткөн алдыңкы компаниялардын бири;
  • «MegaLine» — интернет жана телекөрсөтүү кызматтарын сунуштаган. кеңири тарифтик тандоолору бар популярдуу провайдер;
  • «AKNET» — IPTV, санариптик телекөрсөтүү жана жогорку ылдамдыктагы интернетти камтыган пакеттерди сунуштайт;
  • «Skynet» — жогорку ылдамдыктагы интернет жана ТВ кызматтары бар бир нече тарифтерди сунуштайт.

Пакеттердин баалары жана ылдамдыгы

  • «Кыргызтелеком» — секундасына 100 мегабитке чейинки тарифтик пландар айына 590 сомдон башталат;
  • «ElCat» — секундасына 50 мегабиттен башталган интернет жана телекөрсөтүү пакети айына 900 сом, ал эми 100 мегабиттик пакет телекөрсөтүү менен айына 1650 сом турат. ТВ-приставка акысыз берилет, роутерди абонент өзү сатып алат;
  • «MegaLine» — секундасына 100 мегабиттен 600 мегабитке чейинки интернет жана телекөрсөтүү пакеттеринин баасы айына 1150 сомдон 2300 сомго чейин. Туташтыруу мүмкүнчүлүгү үйдүн техникалык абалына жараша болот;
  • «AKNET» — секундасына 50 мегабиттен башталган интернет жана телекөрсөтүү пакети айына 990 сом, ал эми 150 мегабиттик пакет телекөрсөтүү менен айына 2200 сом турат;
  • «Skynet» — секундасына 300 мегабиттик тариф айына 1080 сом, ал эми телекөрсөтүү менен 500 мегабиттик пакет айына 1280 сом турат.

Акыркы жылдары Кыргызстандагы интернеттин сапаты байкаларлык жакшырды. Учурда стационардык кең тилкелүү интернеттин орточо ылдамдыгы секундасына 65–70 мегабитти түзөт, бул көрсөткүч өлкөнү дүйнөлүк рейтингдердин орто деңгээлине чыгарат.
Ошентсе да, абоненттер көп учурда убада кылынган ылдамдыкка жетпей жатканын, айрыкча жүктөм көп болгон сааттарда интернеттин жай иштээрин жана алыскы аймактарда инфраструктура али начар экенин белгилешет.

Scroll to Top