УКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

09.10.2025 | 17:24

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмуна каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө бул уюмдун ячейкасынын активдүү мүчөлөрү кармалды.

Маалыматка ылайык, кармалгандар — 1993-жылы туулган Н.А.К., 1992-жылы туулган У.М.И. жана 1991-жылы туулган Г.К.А. аттуу Кыргызстандын жарандарынан турат. Алар экстремисттик идеологияны жайылтып, жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенген деп шектелүүдө. У.М.И. буга чейин да экстремисттик ишмердиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Кармалгандардын жашаган жерлерин тинтүү маалында экстремисттик маанайдагы диний адабияттар табылып, алар экспертизага жөнөтүлгөн.

Учурда шектүүлөр Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына камакка алынып, уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top