Кыргызстанда жайыт жерлерди пайдалануу ченемине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн

13.10.2025 | 10:55

Кыргызстанда жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ченемине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыккан токтом долбоор коомдук талкууга коюлду.

Маалыматка ылайык, долбоордун милдеттери – жайыттарды пайдалануу жаатындагы укуктук мамилелерди Жер кодексине ылайык келтирүү, жайыттарды башкаруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу жана аларды пайдаланууга берүү. Ошондой эле айылдык округдардын жана шаарлардын административдик-аймактык чек араларында өлкөдөгү жайыт ресурстарынын абалына мониторинг жүргүзүүнүн заманбап инструменттерин киргизүү болуп саналат.

“Кыргызстандын жаңы Жер кодексинин кабыл алынгандыгына байланыштуу «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзам жана жайыттарды пайдалануу маселелерин жөнгө салуучу бир катар мыйзам алдындагы актылар күчүн жоготту. Мындан улам жергиликтүү жана аймактык деңгээлде мал чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүү жана жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу максатында Жер кодексине ылайык мыйзам алдындагы актылардын жаңы редакциясын бекитүү зарылчылыгы келип чыкты”,- деп айтылат долбоордун негиздеме-маалымкатында

Scroll to Top