Бишкек мэри Яндекс GO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Эмне талкууланды?

14.10.2025 | 11:56

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Яндекс GO компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Мэрия кабарлагандай, жолугушууга компаниянын эл аралык өкмөттөр менен байланыштар боюнча башкаруучу директору жетекчилик кылды.

Компаниянын өкүлдөрү “акылдуу шаарды” өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор тууралуу айтып, шаар ичиндеги кыймылды ыңгайлуу жана коопсуз кылуу боюнча сунуштарын беришти.

Ошондой эле шаардык мобилдүүлүктү (мисалы, электросамокаттар) жакшыртуу чаралары да каралды.

Мэр жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге көтөрүлгөн маселелер боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

Ошондой эле ал «Яндекс Такси» жана «Яндекс Доставка» кызматтарында иштеген айдоочулар менен курьерлерге жол эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертти.

Scroll to Top