Жарандык авиация кызматкерлери тил стандарттарын ишке ашыруу боюнча ИКАОнун жыйынына катышты

Кыргызстандын Жарандык авиация боюнча агенттигинин жана «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Тил талаптарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун 47-жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын 8-10-октябрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Иш-чара ICAO EUR/NAT Office тарабынан уюштурулган.
Жыйындын катышуучулары авиациялык англис тилин окутуу жана тестирлөө жаатындагы акыркы ыкмалар жана жетишкендиктер менен таанышып, эл аралык жана улуттук авиациялык уюмдардын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашышкан. Ошондой эле пилоттордун, диспетчерлердин жана инструкторлордун тил компетенциясын баалоо жана колдоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды талкуулашкан.
“Кыргыз делегациясынын бул иш-чарага катышуусу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, авиация адистеринин кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатууга жана тил компетенциясынын ИКАО стандарттарын улуттук деңгээлде мындан ары да ишке ашырууга өбөлгө түздү”,- деп айтылат маалыматта.