Акыйкатчы институтунда аялдар менен балдарды зомбулуктан коргоо чаралары талкууланды

15.10.2025 | 09:47

Акыйкатчы институтунда «Аялдар менен балдарды зомбулуктан коргоону күчөтүү боюнча биргелешкен чаралар» темасында тегерек үстөл болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева, БУУнун Аялдар уюмунун өкүлү Сайед Садик, ошондой эле Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун, Пробация департаментинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Агартуу министрлигинин, Ички иштер министрлигинин коомдук уюмдардын жана кризисттик борборлордун өкүлдөрү катышышкан.

Талкууда майыптуулугу бар кыз-келиндердин коопсуздугу тууралуу маселе көтөрүлүп, алар зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө: физикалык, сексуалдык, ыдык зомбулуктарга кабылары айтылган.

Институттун маалыматында, Кыргызстандагы 218 миң майыптуулугу бар жарандын 40%ы аялдар жана кыздар. «Равенство» уюму тарабынан өлкө боюнча жүргүзүлгөн сурамжылооого катышкан 150 аялдын 93%ы зомбулукка кабылганын айтышкан.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалыматында, 2025-жылдын 6 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 75 билдирүү катталып, 310 кылмыш иши козголгон.

Акыйкатчы коомдун орчундуу көйгөйү – аялдар менен балдарга карата зомбулукка өзгөчө көңүл бөлүп, өзүнүн жылдык баяндамасында анын алдын алуу чараларын күчөтүүнү сунуштап келерин белгилеген.

“Мында алдын алуу иш-чараларына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Зомбулук фактыларына гана эмес, анын себептерин да иликтеп, ата-энелер жана үй-бүлөлөр менен системалуу иш алып баруу, ошондой эле аялдар жана балдар менен иштеген адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу маанилүү”- деген Жамиля Жаманбаева.

Мындан тышкары иш-чарада сексуалдык зомбулукту иликтөөдө ДНК-технологияларын колдонуунун актуалдуулугу, гендердик жана сексуалдык зомбулуктун социалдык аспектилери талкууланып, сунуштар жана биргелешкен аракеттер такууланган.

Scroll to Top