Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салынды
15.10.2025 | 22:10

Ош шаарында жана облус аймагында коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн жарандарга карата чара көрүү уланууда. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-октябрдан 18-октябрга чейин өткөрүлүп жаткан «Экстремист» аттуу иш-чаранын алкагында 28 жаранга протокол түзүлүп, ар бири 20 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө тартылды.
Милиция кызматкерлери белгилегендей, мындай чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана жашыруун жүргөн адамдардын арасынан мыйзам бузуу коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.