Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өттүБишкек соода орундарынан түшкөн жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгын камсыздайт. Базарларга талдооКыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөтЫр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат
Жапаров Борбор Азияны терроризмге каршы биригүүгө чакырды
16.10.2025 | 13:10

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды.
Мамлекет башчы сүйлөгөн сөзүндө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, трансулуттук кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу, ошондой эле киберкоопсуздукту күчөтүү боюнча кызматташуу – биргелешкен аракеттин негизги багыттары экенин белгиледи.
Ал ошондой эле жаштар арасында агартуу жана билим берүү программаларын жайылтуу зарылдыгын кошумчалап, аймактык коопсуздукту бекемдөө үчүн көп тараптуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты колдоого чакырды.