Кыргызстандын аймагына коронавирусту жайылтпоо үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан вирустан коргоочу медициналык каражаттардын саны тууралуу маалымат таратты.
Учурда медициналык багыттагы буюмдардын тизмеси:
Бир жолку медициналык беткаптар – 329 миң 141 даана;
Коргоочу костюмдар – 11 миң 719 даана;
Коргоо даражасы менен беткап-респираторлор – 40 миң 845 даана.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн буюмдар коронавирус аныкталган бейтаптарды дарылаган уюмдарга берилет.